чыкый1

китептерде 14 жолу, 6 китепте
  1. Маңдай сөөгү менен желке (кежиге) сөөгүнүн кошулган жери.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тоодой Табан камгактай, / Томорулуп кеткени, / Жер тайанып копкунча, / Эшик эндүү ай балта, / Чыкыйга чаап өттү эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кылчайып карап болгончо, / Эшик эндүү айбалта, / Койуп өттү чыкыйга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тегеренип асманда, / Туруп калды Көкмончок, / Не жумуштур билем, деп, / Так ошондой убакта, / Семетейге Канчоро, / Найза сайган кара ниет, / Аркасынан бир киши, / Чаап өтсө чыкыйга,, / Жер тайанды жыгылып, / Бардасы беттен ачылып, / Каптады жерди нур чыгып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Найзасын тартып алгыча, / Толтойдун уулу чоң Кыйаз, / Токтотпой бойун күүлөдү, / Уңгусу менен балтанын, / Айкөлдүн уулу Семеңди, / Чыкыйга тартып жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Карөпкө жерди кучактап, / Найзаны тартып алгада, / Кара кан жерге бурчактап, / Балта менен коборбой, / Чыкыйга чапты ошол чак, / Жүрө берди Сомбилек, / Карөпкөгө жер жастап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →