чыккынчы
- Элдин, өз тарабынын кызыкчылыгын сатуучу, өз тарабынан бөлүнүп, душман, кас тарапка өтүп кетүүчү же жашырын сырды, ишти душманга билдирип айтып коюучу киши.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кечиринен кесилип, / Гүлчоро кордук көргөнүн; / Семетей кайып болгонун, / Каныкей менен Бакайды, / Элден чыккан чыккынчы, / Канчоро кордоп койгонун; / “Колдо туруп билинбейт, / Камчыдан башка курал жок, / Койнунда жатып билинбейт, / Катындан башка душман жок” / Жалпы ургаачы болг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…заары күч, / Канкордун уулу Кененим, / Манастап ураан чакырып, / Саламатты бетке алып, / Жан айабай киргенде, / Кара жерге калтырак, / Дыр-дыр этип тийгенде, / Чыккынчыны Кененим, / Найзага илип алганы, / Көтөргөндө күү менен, / Колумда жарак калбады, / Төрт айагы тарбаңдап, / Өлгөн төөдөй дардайып, / Күүлөп-күүлөп алганы, / Күү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Салдырып бутка кең кишен, / Кынжылатып мойнунан, / Андан кийин Бакайдын, / Мабу кеп чыкты оозунан: / — Эл кыдырып келсин, — деп, / Чыккынчы болот ушундай, / Кыргыздын баары көрсүн, — деп, / Бирине-бири кас болбой, / Ынтымактуу жүрсүн, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Муну мындай таштайлы, / Керимбайдын чыккынчы, / Кесиринен баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Өлгөн сайын өөрчүгөн, / Өткүр Манас тукуму, / Ушуну айтып турушту: / “Чыккынчы кылат залалды, / Көрүнөө кылат арамды,, / Көндөн кеткис малалды”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →