чыканактай
- Кичинекей, тыпыйган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чыканактай баладан, / Мындай кордук көрөм деп, / Татылда качан ойлоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чыканактай эр Агыш, / Куда болду эжеңе, / Кеңеш кепке алдыбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чыканактай эр Агыш, / Көкөтөй кызы Көкмончок, / Алгалы жүрөт, — деп айтат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Темир өзөк, таш жүрөк, / Чыканактай ач билек, / Чыгарган аны балбанга, / Нескарадай зардалга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →