чыканак
- Кар жилик менен күң жиликтин кошулган жериндеги, колду ичин көздөй ийгенде уруюп чыгып турган жери.
- Кернейдин бурч болуп ийилген, кошулган жери.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чырым уйку албадык, / Чыканак жерге салбадык, / Ооздугун чыгарып, / Аттан түшпөй чалдырдык, / Ошентип келе жатканбыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Казактан чыгып кайгырып, / Кадырлашы Көкчөдөн, / Каргаша болуп айрылып, / Күн батыш алып маңдайга, / Тили кургап таңдайда, / Чыканак жерге салбастан, / Чырым уйку албастан, / Тирүүлүктүн кубаты – / Тырмактай даам татпастан, / Аты керт этип чөп жебей, / Чөп жесе да, көп жебей, / Эр кылт этип …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кармаган кылыч колуна, / Чыканакты болжоду, / Шилтеген кылыч жеткенче, / Найза менен бир койду, / Булчуң этин жаралап, / Тарамышын аралап, / Билегинен кара кан, / Агып турат салаалап, / Колундаг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тура берсем бекер деп, / Токтоп калбай Семетей, / Ура берет экен, деп, / Эми келип чабарда, / Ирмебей кирпик бек тиктеп, / Чаптырбаска абаңды, / Чыканакка кагыптыр, / Чыканагы абаңдын, / Сынып кетип калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Көйнөгүнүн жеңин чыканагына чейин түрүп таштап, аягындагы намыркен өтүгүн жылтыратып, бутун сунуп салып, жамбаштап жатат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →