чык3
- Үйдөн, белгилүү бир жерден, шаардан ж.б. сыртты көздөй же башка бир жакты карай жөнөө, багыт алуу, жол тартуу, аттануу.
- Кандайдыр бир нерсенин үстүнө же бийиктикке көтөрүлүү, бөлүнүп көтөрүлүү.
- Үн, добуш ж.б. пайда болуу, угулуу.
- Жарышта же мелдеште башкалардан озуп кетүү.
- Кез келүү, кездешүү, кездеше түшүү, жолугуу, көрүнүү.
- Китеп, газета, чыгарма ж.б. жарык көрүү; кандайдыр бир өндүрүмдүн пайда болуусу.
- Өсүү, өнүү, көрүнүү, пайда болуу.
- Аянттын, кеңдиктин ж.б. кандайдыр бир жагына, бир четине жетүү, жетип калуу.
- Белгилүү бир убакыттан, мезгилден өтүү.
- Белгилүү бир жашка келүү, белгилүү бир жашка же өлчөмгө, ченге жетүү, толуу (жашты, ченемди көрсөткөн сөздөр менен бирге айтылганда).
- Келүү, пайда болуу (мезгилге карата).
- Пайда болуу, көрүнүү, табылуу.
- Бөлүнүү, башкалардан бөлүнүп, окчундоо, четтөө, белгилүү бир изден, калыптан оолактоо.
- Болуу, кандайдыр бир окуя башталуу, болуп калуу.
- Бошоп калуу.
- Билинүү, белгилүү болуу, байкалып калуу.
- Табылуу, казылып алынуу.
- Көбүнчө иштин, кыймыл-аракеттин аякталгандыгын, бүтүшүн, болгондугунун натыйжасын көрсөтүүчү көмөкчү этиш катарында колдонулат.
- Толуу, жетилүү.
- Кууттан өтүү.
- «Кет, жогол» деген мааниде колдонулат (көбүнчө итке карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Короолош коңшу жүргөндөр, / Жасоол курап чыкпасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Этегим жаап ката элек, / Серек, Сыргак жаш балдар, / Эшикке чыгып сийе элек, / Арнап миниш ат тургай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
деп, / Көчүгүн ташка лак койуп, / Алаканын шак койуп, / Көктү карап каткырат, / Күлүп атып томсорот, / Ыйлап кетет шолоктоп, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Көйнөк–ыштан кийбеген, / Карандай өзү жылаңач, / Жулуп жатып жок калды, / Башындагы чыккан чач.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эл жайнап, дөңгө чыгып барат, биз эңкейип, жолдун ташын терген болуп элден улам кийиндеп, калып отурдук.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Анда баягы кемпир: "Сен үйдүн үстүндөгү чамгаракка чыгып, эки жакты карап жат", – деп кыздардын улуусун ал жакка жиберет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →