чыйыр
- Из түшкөн жол, жол болуп түшүп калган из, жалгыз аяк жол, ичке жол.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кашкайып талаа жыртылып, / Жердин бети тытылып, / Чаңдап калган ак чыйыр, / Жүрүп турган сары жел, / Топуракты учуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кардын бетин караса, / Көрүнөт көзгө чыйыр өңдүү, / Ооздук тиштеп кеңкула, / Карды жиреп жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Деп күпүлдөп бай Жакып, / Чыйырдыга туйгузбай, / Бакдөөлөт менен Магдымга, / Бабырап кебин салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Дагы эки күн алышты, / Аттарын аса байлашып, / Кемерден аткый кармашып, / Аркасына сүрүшүп, / Этектен бурдай түрүшүп, / Чымдуу жерди коо кылып, / Дөкдүр жерди ой кылып, / Көйкөлгөн шибер тулаңды, / Кашкайган чыйыр жол кылып, / Булкуп-силкип ыргытып, / Ыргыттырбай тырмышып, / Эки күн өттү бул жумуш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Үч чыйыр болуп көрүнүп, / Бура тарта бергенде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →