чыйылда
- Чый-чуй эткен ичке үн чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кандай жумуш биле албай, / Кайышып тиши буулугуп, / Камынып келген каркыбар, / Жаага кыйын салты бар, / Колумсага кол салды, / Ошол куш үчүн ок алды, / Керичке жаба салыптыр, / Ызылдаган ызгыч куш, / Чыйылдап келип калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Мен көрө коюп чыйылдаган жапыс үнүм менен кыйкырып калдым эле бирөө жалт кайра тартты.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →