чыйрык2

китептерде 9 жолу, 5 китепте чыйрык 1 →
  1. Суукка бир аз үшүй түшүү, денени анча-мынча жеңил калтырак басуу.
  2. Үшүгөндөгүдөй денени калтырак басуу, кээ бир ооруларда киши өзүн ошондой сезүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ырайымсыз иш кылды, / Моңгулдун чыккан жалабы, / Арам сийдик эки кул, / Ал манжудан тамганы, / Эр Бекбача баатырдын, / Бүткөн бойу жыйрылып, / Дүр-дүр этип чыйрыгып, / Кырс-кырс этип үн чыгып, / Исиркектенип суу чыгып, / Кайнаган суудай тызылдап, / Бүткөн бойдон буу чыгып, / Катындан болуп арамдык, / Кылганын билип жаманды… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чынгыш айткан кепти угуп, / Күлчоро турат чыйрыгып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эңиш тарта бастырып, / Чыйрыгып сууган аттары, / Оозунан көбүк чачтырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ошондо бойум чыйрыккан, / Кастык кылат белем — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Чыйрыгып калыпмын. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →