чыйрат

китептерде 21 жолу, 8 китепте
  1. Чың кылып эшүү, толгой ийрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каары келип камыгып, / Карчыгадай кагынып, / Жаалысы чыгып жүзүнөн, / Жалынын чыгып көзүнөн, / Жайдары тууган Бактыбай, / Кара болот Жойкума, / Кармай алды сабынан, / Сууруп алды кабынан, / Билегин чыңдап чыйратып, / Бет келген жагын талкалап, / Аралап кирди Бактыбай, / Күчү кетип талыкпай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көргөнү жок үн укту, / Кара бойун чыйратса, / Чигитейден сүр чыкты, / Качырып тийген Отордун, / Каары менен найзасы, / Кара ташка батычу, / Кумдай тозуп жатычу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кээ жерде дайра кериктин, / Соорусунда түгүнөн, / Бул окшогон наадандын, / Адам коркот түрүнөн; / Кээ бир жерде шыйрактан, / Кармашарга жоо десе, / Кара бойун чыйраткан, / Акпай, чөкпөй өлбөстөн, / Суудан чыкты бул айбан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Мынабу топту аралап, эки ийниндеги пагондорун жаркылдатып, шапкасын чакыйта кийип, чочконун кылындай тикийген катуу сүрдүү мурутун чыйратып, элди чүйлүсү менен карап, көк шиберди уйпалап, тынбай ары-бери басып турган ачуулуу, тыгырчык, семиз неме — пристав. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Баланын курсагы ачып, кайда барарын билбей, көчөнүн боюндагы теректин түбүндө алсырап отурса, бет алдынан аргымак ат минген, сонун кийинген, мурутун чыйраткан мырза жигит бастырып өтүп баратат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →