чыйрал

китептерде 30 жолу, 9 китепте
  1. Бошоң болбостон чыйрак, бекемделген абалга келүү, бекемирээк эшилүү, толгонуу (көбүнчө аркан, жипке карата).
  2. Кайраттануу, кайратына келип күч-кубатын жыйноо, чымыркануу.
  3. Тырчуу, тырчый түшүү, ачуусу келе түшүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Шайы кеткен шалдырап, / Жаш Чигитей чыйралды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Чырым уйку албады, / Чыканак жерге салбады, / Ат чаалыкпай чыйралып, / Эр талыкпай сурданып, / Эрикпестен жол алып / Ачакандын артынан, / Эр Кененим, Саламат, / Эми жете барышты, / Кененим менен Саламат, / Көздөн чыгып кетели, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чыйралып чылбыр калыптыр, / Сууп калган экен, деп, / Ээрин Манас алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ширөө чыккан темирдей, / Көрөр көзгө күжүлдөп, / Тогуз күн жатып дем алып, / Бар тапканын жеп алып, / Кайратына карк толуп, / Келген экен чыйралып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Катын чыйралып сала берди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →