чыйрак

китептерде 45 жолу, 8 китепте
  1. Чыдамдуу, бышык, бекем.
  2. Тыкан, тың, кайсы бир иш боюнча өзүнө ишенимдүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чеченсинип чекчеңдеп, / Чыйрак сынып тиртеңдеп, / Эптүүсүнүп ырсактап, / Калпты айтып кыйшактап, / Өзүнчө барып бирөөгө, / Жагынам деп шыйпаңдап, / Анткендерге азыр бол. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
— деп, / Алдыртан кабар алыптыр, / Бакдөөлөттүн үч уулу, / Аркасында калыптыр, / Улуусунун бели бош, / Кичүүсү чыйрак окшонот, / Ырыскан, Дөөлөт деп койгон, / Атасынын ордуна, / Элин сурап ээ болгон, / Бакдөөлттөн канча өөдө, / Бели катуу эр болгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Батыш менен чыгыштан, / Чыйракты такыр жеңдим деп, / Ойуңда келген экенсиң, / Мени ошондой экен деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Серек, Сыргак жаш эле, / Сыргагым жылкы баш эле, / Тышка кебек алдырбас, / Улоого нокто салдырбас, / Өзү чыйрак бала эле, / Серегим боору таш эле, / Ача туйак малыма, / Алтымыш үйгө баш эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Серек менен Сыргагы, / Серпишкен жоонун чыйрагы, / Тирилип келип калгандай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →