чыйпылда
- Чыйп-чыйп эткен үн чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Василийдин мурду коңкойгон, узун бойлуу көк көз катыны, үйгө кирип келген сары баш жөжөлөрдү чыйпылдатып, «киш-киштеп» айдап салды да, мештен бир кара чөөгүндү сууруп чыгып, бизге шорпо куюп келди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Балапандары чыйпылдап жетилип алыптыр.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →