чыдам
- Чыдамкайлык, туруштук берүүчүлүк, байым, байымдуулук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чигитей турду каар тигип, / Чыдамы бүгүн кетиптир, / Жылантору ат минип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бутумду көрчү абаке, / Тил албай койуп Чубагың, / Тарамышым зыркырап, / Кетип барат чыдамым, / Карылык кылып абаке, / Башын өөдө каратып, / Таштай тур бирден кулжаны, / Бакай барса кулжанын, / Мүйүзү тенде калыптыр, / Көзү менен тумшугун, / Ок учуруп салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чыдамы кетип жата албай, / Кароолдөбө бет алып, / Улам-улам жыт алып, / Шимеңдеп жөнөп калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Табылды эми болду?деп, / Айчүрөк жатты этти жеп, / Ай айланып ай өтүп, / Аа кошулуп күн өтүп, / Күндү улап түн өтүп, / Тогуз ай тогуз күнүндө, / Чыдамы кетип Чүрөктүн, / Толгоо тарта баштады, / Айчүрөк жеңе ошондо, / Алмамбет уулу Гүлчоро, / Эбин таап бир күнү, / Айтты сырын ошого: / — Айланайын асыл уул, / То…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…п Бакдөөлөт, / Карманып балта көгөрүп, / Кунан уйдай балтасын, / Алдына туура өңөрүп, / Оңой эмес Бакдөөлөт, / Өзүңдөй нечен эр өлүп, / Уйалгандан Бакдөөлөт, / Чыдамы кетип жаладан, / Тоңкойуп аттан жыгылып, / Томуктай болгон баладан, / Өңөрүп алган балтасын, / Колтугун чойуп көтөрүп, / Күч келгенде жанына, / Күрс дегенче жө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →