чыда
- Бир нерсеге туруштук берүү, туруктуулук кылуу, чыдамдуулук көрсөтүү, жалакайланбоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…акташ, / Ыргып минди атына, / Кайрып бутун байланды, / Канжыгага жанына, / Найзаны күүлөп сундуруп, / Качырып кирди чамына, / Кудай бетин салбасын, / Таңгуттар чыдап тура албай, / Чакмакташтын каарына, / Казан асса бороктоп, / Кайначудай көрүнөт, / Көзүнөн чыккан жалынга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көөдөндөрүн тирешип, / Буттары жерди жирешип, / Булкуп- силкип имерип, / Так көтөрүп аларда, / Салмагын жерге салганда, / Тизеден жерге малынып, / Жер чыдабай жарылып, / Топурак учуп, тоз учуп, / Тунарыктап боз түшүп, / Жердин бети жарылып, / Казан каптай нечен таш, / Аңтарылып торойуп, / Башбагып жерден коройуп, / Т…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Оодара тартып кете албай, / Аттарынан түшүшүп, / Тартканына чыдабайт, / Темир сооттор үзүлүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ул жерде, / Ушул менин абалым, / Атым менен Семетей, / Уксаң менден кабарым” / Айтып муну чоң тоого, / Кирип кетти карабай, / Тоого далай кеп кылды, / Кара дөө чыдап туралбай, / Тоодон кабар болгон жок, / Кара дөө чыдап туралбай, / Талкалап тоону түзөтүп, / Таап алам деп абамды, / Талкандап тоону кулатты, / Зоңкойгон зоону …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошондо кыз чыдабай бир күнү элди чогултуп, Зыйфырымдын көзүнчө.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →