чыгыш1
- Күн чыккан тарап, батыштын карама-каршысы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алаш уулу болгондун, / Он төрт ханы чогулду, / Чыгыштагы беш урук, / Мен батыштан кошулуп, / Түштүктөн испан, оогандык, / Сегиз хан эли чогулдук.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баш кошкон жерде чогулуп, / Чыгыштан келген беш урук, / Чын эле баатыр экен, деп, / Чигитейди даңдады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Батыш менен чыгыштан, / Киши келбейт байкасам, / Келип калса кокустан, / Эл упурап чачылат, / Арада канча киши бар, / Ошонун баары кысылат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ал экөөнү көргөндө, / Ар неме ойлоп ичинде, / Алып учуп желдеди, / Тынчтык бир дем бербеди: / “Атам душман болоордо, / Так ушундай бир белги, / Көрдүм эле мен – деди, / Кытайдын чети күн чыгыш, / Кара жүз каапыр эл – деди, / Уккан жерде жүрөгүм, / Тийгендей камчы зилдеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бир күн мейман кылышып, / Музой Калча көтөрүп, / Жалгызектин алдына, / Туура тартып турушту, / Бүркүттү алып чыгышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →