чыгдан

китептерде 6 жолу, 2 китепте
  1. Боз үйдө тамак-аш, идиш-аяк коюлган жакты калкалап, тосуп коюу үчүн, чийден кооздоп, чырмап жасалган калканч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чыгданды көздөй басканы, / Чыгдандын оозун ачаарда, / Атынан Балта айтканы, / Азгаштырып кемпирди, / Башка бир ишке жумшады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Буйдалган жок, чыгдан жагын бир карап алды да кемпир: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мынабу чыгдандын жанында, жыртылган электи чүпүрөк салып жамап буту колу жоон, тоголок бир кара катын отурат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жийдекан ордунан туруп, чыгдан жактан куудурап, катып калган бир кичине жаман чаначты алып, мага берип жатып: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жашыраагы чыгдан жакта бирдеме кылып жүрүп, биз барганда коё койду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →