чыгарма
- Илимий, көркөм-адабий, саясий же музыкалык эмгек, ойлоп чыгарылган, ойлоп табылган чыгармачылык иш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айлына түштү бай Жакып, / Айдап жылкы келе албай, / Улам оозун карманып: / — Олжо бергин, соога, — деп, / Кыргыз турса суранып, / Оорагым чыгат эле, — деп, / Чыгармак тургай оорагым, / “Чылбырына тийбе” – деп, / Мизимди менин жандырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…лып, / Арак сунуп кыз балдар, / Кериле басып чайпалып, / Бозуул кебин баштады: / — Угуп турган, эр Агыш, / Хан Манас бизди жумшады, / Нескара чыкты балбанга, / Чыгармак болду сени ага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Болорун мурда болжодум, / Чырмап жүрүп кырк жигит, / Чыгармак элең ойронум!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ат тосуп алар жатуучу, / Күлүк сүрөп чыгармак, / Абалтан калган нарк ушу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Анан башын кайра чыгармакчы болду эле бирок болбоду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →