чыгаан
- Атанган, атагы чыккан, абдан мыкты, таанымал, белгилүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жоргого минген кишинин, / Таманы ооруп зыркырап, / Томпойдой таштар төбөдө, / Учуп турат чыркырап, / Даңкаңдан учкан топурак, / Чаң созулуп буркурап, / Өтө чыгаан жоргонун, / Койо берсе чылбырын, / Жерге тийбейт дирилдеп, / Жерге тиймек тургайлык, / Көрүнбөйт көзгө элестеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ар кайдан тандап жыйган кыз, / Жез оймоктун чыгааны, / Ушул кыздар баары уз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Хандын кебин укканда, / Кайгысын ичке жуткансып, / Кабагын түрүп каш серпип, / Айтты кебин муң-анып: / — Жедигердин кызымын, / Жеримдин чыгаан узумун, / Билбеген киши жок чыгаар, / Канкор Манас тукумун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Көкөтөй элге хан экен, / Айдаркан чыгаан бай экен / Айдаркандын Көкчөсү, / Белге таңуу эр эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Тынымкан чыгаан сулуу, деп, / Келген экен кеп угуп, / Алдында минген сур аты, / Токтобой турат удургуп, / Артында колу чубаган, / Алдыда жүрүп Бакдөөлөт, / Адырдан кийик уулаган, / Канча кийик капташса, / Кутулбай бири сулаган, / Адам менен айбандан, / Кыймылдаган бар жандан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →