чыбык

китептерде 15 жолу, 6 китепте
  1. Жалбырагы жок, солкулдак ичке бутак, чырпык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сайган тешпей калбаган, / Кара таштан жанбаган, / Суу чыбыктай бүгүлгөн, / Туура сынып кетпеген, / Найза жасап чыгарам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тал-тал чачын тарады, / Саамай чачын сыланып, / Он төрттөгү кыз болуп, / Кошмойноктун бетине, / Тура калды суналып, / Кызылы кызыл, агы ак, / Наалыгансып муңайып, / Кыска каштуу, кара көз, / Тал чыбыктай буралып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жеткизбей бара жатканда, / Көк чыбыкты колго алдым, / Сүмбө уруп, ок салдым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кармагандан кан чыгып, / Карагандан жан чыгып, / Аркасында айдары, / Сайга чыккан тал чыбык, / Ыдыгына чыдабай, / Алдынан шамал дуу чыгып, / Кара жүздү байкаса, / Кудай бетин нары кыл, / Кужулдаган куу чыгып, / Куйругунан атынын, / Созула түшүп, буу ч… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Колумда узун чыбык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →