чуңкур1
- Казылган же жер бетинде башка табигый себептер менен пайда болгон оюк, тереңдикке карай кеткен оюк; бирдей тегиздиктин оюгураак жери, бөксөсү бар же кандайдыр толбогон кемтиги бар жери.
- өт. Түп жагы терең, оюгу терең.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тополоңдоп тоз болуп, / Топурак учуп боз болуп, / Каптап кирди кыргыздар, / Жалындап күйгөн от болуп, / Чуңкур чуңкур жерлерге, / Көлчөк болуп кан толуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Үйүндө жаткан немедей, / Ой ойлобой, кенебей, / Ортосу чуңкур ойулган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алдыңдан тосоор ногой жок, / Атаң Манас кабылан, / Урумду чаап олжо алган, / Ортосун бузуп жол салган, / Орустан алым көп алган, / Алдыңдан тосуп келгендей, / Ай сайын алым бергендей, / Оңкогой мурун чуңкур көз, / Орустун калкы мында жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Үйдүн көчө жагында, бир чуңкурда алда качан тозугу жетип, бирөөдөн калган жалгыз кепичтин тарпы жатат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Конок чуңкурдун түбүндө калат, келин шып этип ордун оозун мыктайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →