чучук

китептерде 14 жолу, 5 китепте
  1. Жоон майлуу ичегилер.
  2. Узун-узун тилинип, сыртынан ичеги менен капталган жылкынын казысы.
  3. Жиликтин ичиндеги май.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Үзүлүп кетип чучугу, / Ооруп колу какшады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мөңкөтай байлап мойнунан, / Мен-менсиген Шооруктун, / Чучугу агып колунан, / Айдап алып баратса, / Чигитей чыкты жолунан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Чарага этин көтөрүп, / Куйругун баса көмөрүп, / Алып келип жаткан бар; / Бээ семизин жыгышып, / Туздан чылап чык кылып, / Карчыга менен учасын, / Карын-карта ич этин, / Чучук, жалын бүт салып, / Көтөрүп келип жаткан бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…, / Бүткүл бойго тарады, / Асманда жылдыз, жерде чөп, / Бирден бирден саналды, / Чымындай жалгыз кара жан, / Кантип мындан жай алды, / Барган сайын күн өтүп, / Чучуктан бери тарады, / Алтынчы күнү кечке жуук, / Жарык дүйнө жалганда, / Турар шайы калбады, / Оозунан түтүн бур этип, / Көкүрөгү кыр этип, / Катын-бала, эл-журту, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Мындан ары барсаң, тээтиги дөбөдө узундугу бир кулач чучук жатат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →