чуулда
- Ызы-чуу түшүү, уу-чуу болуу, чурулдоо.
- өт. Октун абаны жарып өткөнүндөй дабыш чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Арка жагын карабай, / Качты баары дүрдүгүп, / Баш аламан чуулдап, / Кетип барат сүрдүгүп, / Аркадан чаңы түрүлүп, / Күрөгөндөй сүрүлүп, / Коросон, испан, жедигер, / Тажик менен калмакка, / Качып барып биригип, / Булар качып …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кубатай өлдү, кулады, / Коросон коркуп чуулдады, / Кол куушуруп Ырыскан, / Оогандын журту тынч калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
- / Баатырдан нечен эр келип, / Агытып ийди үч пилди, / Булаңдатып тумшугун, / Дүмүрөңдөп жүгүрүп, / Такыр баары бүт келип, / Чуулдашат аламан, / Бирине бири дем берип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…е чыр кылды- / Кумду канга сугарды, / Тарпын элдин чыгарды, / Далай баатыр кулады, / Бейажал өлүп букара, / Бекеринен сулады, / Атасынан ажырап, / Жетим балдар чуулдады, / Алганынан ажырап, / Нечен катын тул калды, / Кете берсем болду деп, / Эки күн өтүп арадан, / Эң алдында ханды жейт, / Андан калган барды жейт, / Адамды жеп …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Ошол убакта кайдан-жайдан экени маалымсыз: Сайды бет алдыра беш-алты ирет чуулдатып мылтык атылды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →