чуулган
- Чуу, дүрбөлөң, бүлүк, чыр-чатак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Келип калса хан Калдык, / Жалганы болбойт сөзүмдө, / Жекени берем өзүнө, / Баш кошкондо беш урук, / Кымыз ичип бабырган, / Ордо салып короого, / Чүкө атканда чуулган, / Аламан өскөн кыргызды, / Келбей калса хан Калдык, / Аскерди төрткө бөлбөсөм, / Алакандай Таласка, / Ар тараптан кирбесем, / Астын-үстүн кылбасам, / Ыракым к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Салдырбай чуулган Каңгайга, / Алдынан тосо барайын, / Жайлоодон шорго түшүрүп, / Жайын анан табайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Карап тура бербейли, / Каршы келген душмандын, / Эдебин колго берели, / Байрак тиктеп туу жайгын, / Басалы элдин чуулганын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бай Жакыптан туулган, / Башынан салган чуулган, / Тогузунда токтолгон, / Күлбөй тиктеп томсоргон, / Бөлүнүп чыгып майданга, / Он жашында октолгон, / Ок аткан душман жок болгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…оор мунуңар, / Сартбайдын жагын угуңар, / Маңгыт, маңгул бир тууган, / Кара калпак, түркмөндү, / Ээлеп маңгыт эл турган, / Бадыкүл деп эр тууган, / Элге салган чуулган, / Коросон, Кыйба, Жедигер, / Мисир, Багдат, Урумга, / Койбой малын кууп алган, / Малы тургай батышта, / Арысы түштүк жагына, / Сулуу кыз койбой жыйнаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →