чууда
- Төөнүн тизеси менен моюнунун астындагы кылчыктуу узун жүнү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Оторго малын салышып, / Басаке менен багышып, / Кочкорунун мойнуна, / Кош коңгуроо тагышып, / Буркулдатып буурасын, / Самсаалатып чуудасын, / Жүккө төөнү көбөйтүп, / Жазында эгин эгишип, / Кырманда кызыл жайнатып, / Эгизден тууп койлору, / Бир соолуктун жанына, / Экиден козу байлатып, / Кедейи жок…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Башка жан болсо бул чууда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Буркулдатып буурасын, / Самсаалатып чуудасын, / А да жөнөп алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ак чуудаң тартып көрүнүп, / Асмандын чети сөгүлүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →