чуу
- Баш аламан чуркурай чыккан дабыш, кыйкырык, дуу.
- өт. Чыр-чатак, дүрбөлөң.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Тууга ээлик болгун деп, / Алабекке карматты, / Кол башкарып тургун деп, / Малабекке айтканы: / — Койон жүрөк коркоктор, / Корс кыйалдуу чоркоктор, / Башаламан чуу болсо, / Кан чайкалып суу болсо, / Кайра качып жүрбөсүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сайган айчык кызыл туу, / Чапчый колго кармады, / Чуу болот деп айылда, / Бастырып жөнөп калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Белдүү тууган Кененим, / Кылыч сууруп алганы, / Кыйырын бузбай сулатып, / Кылычтын канын чубалтып, / Кылымдан чыккан Кеңкула, / Жагалмайдай чуратып, / Айдап кирди келгенди, / Наркы элге чуулатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Дешип баары сүйүнүп, / Жүгүрүп үйгө киришип, / Сасык айран, көк иркит, / Бирден жутуп ийишип, / Көөкөрлөрүн карашып, / Арак ичип суусунга, / Жогу бардан сурашып, / Баарысы айтып Манасты, / Бабырашып чуулашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Артынан чыкты жыйырма кыз, / Ойлоп турат Кара дөө: / “Маа көрүнгөн бир укмуш” / Артынан бу да жөнөдү, / Желжетпес минип чуу койуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →