чурулда
- Чуркуроо, бир эле мезгилдин ичинде иретсиз, баш аламан көп үн чыгаруу, туш-туштан кыйкыруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карагай, терек, кайыңда, / Куштар турган чурулдап, / Үн алышып канаттуу, / Сайрап жатат чырылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Сурнайдын үнү угулду, / Жер айрылып чурулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Менин атым Семетей, / Гүлчоро десең угулат, / Андан башка кептериң, / Мага турат чурулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…р иштин болжолун, / Айкөл шерден сурадың, / От дүркүрөп жалындап, / Суулар акты шаркырап, / Бир чынар турду ортодо, / Кудай берип салды, деп, / Көпчүлүк турдуң чурулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Кан аксакалдын сөзүн кубаттап, отурган бардык эддер чурулдап кошо бата кылат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →