чурка

китептерде 162 жолу, 9 китепте
  1. Жүгүрүү, катуу, тез жүрүү.
  2. Тароо, жайылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Туйдурбай алып колуна, / Чуркаган бойдон кызына, / Жетип Көкөй барганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…/ Жан талашып буркурап, / Өөдө бол деп жөлөсө, / Көз ачалбай шылкылдап, / Антип жаткан андан көп, / Күндү түнгө улантып, / Түн кетип, күндү чыгартып, / Кеңкула чуркап чаалыкпай, / Кылычты шилтеп Кененим, / Кырып жүрөт талыкпай, / Жердин бети чыпылдап, / Жуурулуп топо былчылдап, / Албарс менен кайсалап, / Абыдан кырып талкала… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жылкы окшобос бир жагы, / Быкта бакай, тик туйак, / Кууш көөдөн, шал кулак, / Чуркаса куйрук шодоңдоп, / Көзгө суук кодоңдоп, / Чынаача турду булуйуп, / Туу түбүнө бурулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айрыкча турат эсимде, / Кармагының буура, деп, / Чуркагының турба, деп, / Чакчаңдап камчы чапканың, / Өз ордума жаткырбай, / Ороого айдап таштадың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Аккула менен далбайып, / Арыштап чуркап калчу эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →