чура

китептерде 105 жолу, 8 китепте
  1. Чуркоо, катуу жүгүрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каары катуу хан Калдык, / Кайра тартып кырданып, / Бактыбайга жеткенче, / Майторуну чуратып, / Аркадан чаңын чубалтып, / Эр Бекбача жеткени, / Күүсү менен найзанын, / Аскар тоодой Калдыкты, / Аңтара койуп өттү эми, / Майторуну бурганча, / Калдыкка най… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Белдүү тууган Кененим, / Кылыч сууруп алганы, / Кыйырын бузбай сулатып, / Кылычтын канын чубалтып, / Кылымдан чыккан Кеңкула, / Жагалмайдай чуратып, / Айдап кирди келгенди, / Наркы элге чуулатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Камчы менен бир салып, / Алда минген бууданды, / Кыйкырып Чубак качырды, / Жалаң кылыч колго алып, / Сүйрөтүп жаткан Сыргакты, / Канча кабат тор салган, / Каңкайтып ээрин жуушатып, / Элүүнүн башын бир кесип, / Узунунан сулатып, / Өрдөк кууган шумкардай, / Чубак жүрөт чуратып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ошентип жүрүп көп жолдон, / Басылбаган аз калды, / Чаңчыкпас менен жаш Токой, / Өрдөп чыкты чуратып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Буудандын баарын чуратып, / Артынан чанын чубалтып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →