чуму

китептерде 9 жолу, 7 китепте
  1. Чумкуу, сууга чөмүү, чөмүлүү.
  2. өт. Батуу (мис. ойго, кыялга).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Нурфанудан кеп угуп, / Баары түштү чубуруп, / Сууну бойлоп перилер, / Баары сууга чумулуп, / Учуп жүрүп асманда, / Кирдеген кирин жуунуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чабына батпай суурулуп, / Кара терге чумулуп, / Калыбек менен Кененим, / Качырышып умтулуп, / Билегин салып кол сунуп, / Ач билектен алышып, / Айабай күчүн салышып, / Амал кылып эбин таап, / Жумуру кайыш … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Шор дайранын жээгинде, / Жышынып абдан чумулсам, / Мекенин ысык чөлүнөн, / Мединаны бир көрсөм, / Салбыраган мөмөдөй, / Башымды ийип ыйласам, / Бар кудайдын амирин, / Жүрөгүмө сыйласам, / Баласы элем каапырд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Адамсыз ээн талаада, / Чумулгандай мүнөзүң, / Түпсүз терең санаага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Суркойон менен койгулап, / Ойдуңду көздөй чумулду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →