чулуй
- Мурчуюу, мулуйган абалда болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…урук, / Кол салалы кыргызга” / Деп кеңешип киргенде, / Өмүр жандын Кызылкыз, / Эч кишиге таанылбай, / Моңгул болуп дулуйуп, / Уссун болуп тулуйуп, / Шибе болуп чулуйуп, / Солон болуп кулуйуп, / Манжу болуп мылжыйып, / Кидан болуп дыңкыйып, / Канча түрдүү кубулуп, / Арасында кеңештин, / Бирге отурган болучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Буйругуна баш ийип, / Чынгышка келди жулугуп, / Жооп бербей далайга, / Чынгыш турду чулуйуп, / Оордунан туруп мултуйуп, / Кыр көрсөтүп мурчуйуп, / Үрөйү суук неме экен, / Эки бети тултуйуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…л деп угуп, / Ат току деп Кыргылды, / Алдыратып буйуруп, / Аста чыгып эшикке, / Сарытаздын үйүнө, / Басып кирсе бурулуп, / Сарытаз ойгоо жатыптыр, / Көзүн ачып чулуйуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жошологон желектей, / Башы турат чулуйуп, / Шишик басып кетиптир, / Кулагы жок мулуйуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Туулгасы мулуйуп, / Тиктеп калып дулуйуп, / Мойнун толгоп чулуйуп, / Каңгайга берди бир буйрук: / — Калың кошуун ат кой!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →