чулпулда
- Чулп-чулп эткен дабыш чыгуу (мис. сууга түшкөндө, сүзгөндө).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, көк кытан, / Таманын суудан тарта албай, / Канаттары салпылдап, / Асманга учуп чыга албай, / Суунун бети шарпылдап, / Коргошун, коло, чойун ок, / Сууга түшүп чулпулдап, / Алай-дүлөй тарсылдак, / Баш аламан барсылдак, / Очогор үнү зүңкүлдөп, / Жер айрылып дүңкүлдөп, / Бараңдын үнү барсылдап, / Ашкере үнү таанылбай, / Кулак тун…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тогуз коргоол ойногон, / Сексен бир таш ээлиги, / Кыдырата үй санап, / Эки тишти ак колтук, / Байым атын чулпулдак, / Туз алам, деп мултуйат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →