чулкулда

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Суюктуктун кандайдыр бир идиштин ичинде чайкалышынан улам чыккан же ошого окшогон дабышты билдирүү, чулк-чулк этүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Топурак учуп боз болуп, / Токтобой тоолор козголуп, / Суу чайкалып чулкулдап, / Ак сазаң балык жылтылдап, / Кара суунун буткулда, / Жайнап жаткан канаттуу- / Каз-өрдөк учуп каркылдап, / Аңыр учуп аңкылдап, / Каракунас, көк кытан, / Тама… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Шишиктин оозун ачтырды, / Балтанын көзүн таптырды, / Чириген эттер бултулдап, / Ириң агып кулкулдап, / Чайкалып суудай чулкулдап, / Кышкы муздай кузгундап, / Жарадан чыккан сасыктан, / Үйдүн ичи жыттанып, / Чара-чара ириң, кан, / Токтоосуз ташып төктүрдү, / Эшикке улам чыгарып, / Балтаны… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эки түнү, үч күндө, / Тапан хан жетти элине, / Элүү балбан жыйылып, / Көрүштү келип бегине, / Найза тийген кулкулдап, / Ириң аккан чулкулдап, / Көздөрү түштү бегине, / Ээ боло албай чуркурап, / Айта турган кебине: / — Белиңизде жараңыз, / Кайдан таап алгансыз? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жумушуң кетсе оңуна, / Тизгиниң тийсе колуңа, / Катын-бала калбасын, / Калбай түгөл бүт барсын, / Алып келгин, Каргалдай, / Чулкулдаган чаначың”, / Айтып кебин эр Гүлүс, / Чаначтан суусун ичишип, / Үчкошойго жарашты, / Гүлчоро менен Керменбай - / Экөө басса ээрчишип, / Гүлчоро айтты балага, / А… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Суу айланып кулкулдап, / Үнү угулуп чулкулдап, / Эри өлгөнсүп жулкулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →