чулдура

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Кээ бир тыбыштарды (мис. «л», «р») туура айта албоо, ушул тыбыштарга тили так келбей сүйлөө.
  2. Сайроо.
  3. Анча-мынча, эптеп-септеп сүйлөө, так сүйлөй албоо, түшүнүксүз болгон сөздөрдү айтуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көзү көрбөй күүгүмдөп, / Бурулуп тили чулдурап, / Айткандары билинбей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жан-жаныбар мыдырап, / Жолдун бети зуулдап, / Зыркаар жүрүп дуулдап, / Камыштын башы шуулдап, / Чымчыктын баары чулдурап, / Талааны бети закымдап, / Куткарбастын кошуну, / Болуп жаткан ызы-чуу, / Аттуусу атчан, жөөсү жөө, / Майданга карай чубурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Мээнин кабы жарылган, / Жүрбөй каны уйуган, / Сүйлөбөй тили буулган, / Айабастан иштетип, / Канча түрдүү дарыдан, / Арылган араң ириңден, / Ириң жеп тамыр чириген, / Ушундай түрдүү себептен, / Тили кечир булдурап, / Так келе албай чулдурап, / Кулагын турган чер басып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ал аңгыча болбоду, / Таң саргарып атканда, / Тараза жылдыз батканда, / Ойдо кулун чуркурап, / Кара каш торгой чулдурап, / Жан-жаныбар кыбырап, / Жанында торгой быжырап, / Бак-дарактар шуулдап, / Жандардын баары тыбырап, / Асмандагы жылдыздар, / Кыбыла көздөй зыркырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Камыштын башы шуудурап, / Кара каш торгой чулдурап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →