чулгу
- Башты ийкей булкуу, башты булка кыймылдатуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бекбачадан кеп угуп, / Барсаң баргын деп угуп, / Жолдош алып он киши, / Жөнөп кетти бургутуп, / Жоргосун жолго чулгутуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Орто жерин ой кылып, / Эки четин коо кылып, / Арасын ачып жол кылып, / Каскактын учун кан кылып, / Испандын башын маң кылып, / Желип жүрөт бургутуп, / Топчу кулак кер аттын, / Топко башын чулгутуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…усуна чок койду, / Түшкүнүнүн учуна, / Сомдоп карыш ок койду, / Алаканын бек кылды, / Душманды карай кек кылды, / Табылгыга саптады, / Бүлдүргө такчу жерине, / Чулгур салып көзөткөн, / Абышканын көк торпок, / Эки энеге тел торпок, / Күдөрү кылган ак кайыш, / Чайан түйүп терс байлап, / Бүлдүргөсүн тактырды, / Арстан эрге тапш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…/ Кененимдин эр неме, / Теңдеши жок дегеле, / Тентек туулган эр Сейит, / Жыйырма бирде ойулгур, / Минген аты Телкүрөң, / Чабына батпай сойулгур, / Башын тартып чулгутуп, / Жолдун чаңын бургутуп, / Аркардай таңын түрүлтүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бирдеше келген кол болсо, / Бир сүйлөшүп көрсөкчү» — / Деп, айтканда Сары хан, / Макул көрдү Бакай хан / Анда баатыр Гүлчоро, / «Өзүм кабар алам,» — деп — / Суркоен башын чулгутуп, / Туяктан чаңын бургутуп, / Колго кар жөнүндү, / Элестетип дөбөнү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →