чулга
- Ороо, чалып ороо, курчап ороо.
- өт. Каптоо, каптап алуу, айланасын курчап алуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каракөз менен хан Калдык, / Аларга бекер чулгашып, / Арбыттыңар калбаны.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…муру кайыш канжыга, / Билектен байлай калышып, / Байлатып ийген ким болсо, / Кезенип колун тартканда, / Ортон колдой канжыга, / Чыдатпай үзүп алышып; / Этектен чулгай алышып, / Үзөнгү боого салышып, / Аттын башы кай жакта, / Тулпар кетет жарышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чулгоосун ала чуркады, / Жаткан жерден чулгады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кан менен колун жууган, / Капшыра белин буунган, / Карамдык менен бул доңуз, / Канчага салган чулган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Деп айтканча Айчүрөк, / Ороп чулгап баланы, / Эмчегин салып оозуна, / Алдына Чүрөк алганы, / Арамзада Кыйаздын, / Амалы кетип калганы, / Кейимиш болуп калп эле, / Бул кепти айта салганы: / — Ой Айчүрөк кантесиң, / Баласак катын экенсиң, / Өзүмдүн жалгыз баламды, / Үшүтүп ийет бекенмин?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →