чукуран

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Уйкуда жатып козголуу, ыңгырануу (көбүнчө балага карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…жапжарык, / Сүттөй болуп түн жарып, / Шооласы түшүп ошонун, / Үйдүн ичи бүт жарып, / Колунан тартты Жамгырчы, / Ошол бойдон түз барып, / Чоочуп абал ойгонду, / Чукуранбай толгонду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Караса көзгө илинбей, / Каран калган Айчүрөк, / Кай кеткени билинбей, / Акундун кызы Айчүрөк, / Көздөн кайым болгондо, / Баатырдын уулу эр Семең, / Бала жолборс эр немең, / Чукуранып ойгонуп, / Чочуп кетип толгонуп, / Саламын деп шумкарды, / Чабамын деп тулпарды, / Кечигип калсам мен бүгүн, / Талаага конуп калам деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Манастын уулу эр Семең, / Дарс окуган эр Семей, / Чукуранып ойгонуп, / Оң жагына толгонуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →