чукулда
- Жакындоо, жакын калуу, аз калуу, чукул калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бата берип баркырап, / Баары журт калды чуркурап, / Кадырын билген баатырдын, / Кабырга сөөгү зыркырап, / Бастырган бойдон көкжалын, / Баатыр шердин күмбөзгө, / Кирип келди чукулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Айбалта жанда жалтылдап, / Асаба колдо калкылдап, / Кылыч белде шыңгырап, / Кыргыздан чыккан жаш арстан, / Келди айылга чукулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…Тармалкөк менен булкунтуп, / Алы келбей оозуна, / Алоолонтуп жулкунтуп, / Кутурган иттей арсылдап, / Азуулары карсылдап, / Жер дүңкүлдөп дабырты, / Жетип келди чукулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кыйа тартып эр Сыргак, / Чылбырдан алды чукулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кекиртеги куртулдап, / Ойрон Сейит баатырга, / Жетип келди чукулдап, / Найзасынан куу чыгып, / Таноосунан буу чыгып, / Терекбайды көргөндө, / Чойтолоң менен Тазкара, / Аскеринен чуу чыгып, / Тоодой болуп Терекбай, / Сейитимге ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →