чуку

китептерде 11 жолу, 7 китепте
  1. Бир нерсенин учу менен чукурайтып түрткүлөө, ойгулоо, казгылоо, оюп алуу, олуп алуу, казуу.
  2. өт. Кандайдыр бир нерсе жөнүндө ачык айтып салуу, ашкерелеп айтуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кузгун көзүн чукусун, / Кажыр жарсын кардын, — деп, / Куйалы айтты мындай кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чукурланган чукур кул, / Чукурланып келдиңби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тарптай талап сөөгүмдү, / Кескелдирик, тумсагы, / Ойуп чукур көзүмдү, / Атаңдын көрү дүйнө шок! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кыз-келиндин ичинде, / Чукугандай кеп тапкан, / Гүлчоро байкуш эптүү эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— Эми жокту жерден чукуйбузбу! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →