чубур
- Биринин артынан бири жүрүү, чубоо.
- Суюктук же дан, кум сыяктуу чачылма майда заттар чубай куюлуу, чубай төгүлүү, биринин артынан бири агылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Качыралы баштан деп, / Чигитейдин сыймыгы, / Буйрук берди калкына: / — Калбай, калмак чубургун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…/ Арасын ачып коо кылып, / Чыдай албай коросон, / Чогуу турбай суйулуп, / Чаң созулта качканын, / Найзага илип ыргытып, / Топтуу караан көп элди, / Айдап кирди чубуртуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ырдын ташын казылтып, / Кумдардын көккө чачылтып, / Уландырып кармашты, / Былкылдатып саздарды, / Кезегинде Алмамбет, / Кеңири ачкан майданды, / Кытай, калмак, чубуртуп, / Манжу, заңын кошултуп, / Шибээ, солон, аралаш, / Топого канын жуурултуп, / Кагылышта хан өлүп, / Карапайым жан өлүп, / Каракулак кабылан, / Карчашып жүргөн …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Отуз күн жатып адырда, / Кайберенден уу уулап, / Ителгисин куу-куулап, / Ит агытып акырык, / Тоо жаңырган бакырык, / Талаада жүрүп, деми сууп, / Жетисууга кетмекке, / Аттанып чыкты чубуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кандуу жаш көздөн чубуруп, / Өңүрү ылдый куйулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →