чубак
- Шоола, күндүн нуру.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Айкөл Манас көкжалдын, / Арбагы жардам бергин, — деп, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Баатыр Сыргак кеменгер, / Олуйам жардам бергин, — деп, / Өлбөй тирүү кетти деп, / Элдер айтып жүрүшөт, / Карыйа Бакай кеменгер, / Арбактуу Семей а…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Манасчылар кеп айтат: / “Айкөлүм, Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Өткөзө Сыргак чабендес, / Өлүмдөн коркпос эрендер, / Кызыл тил элден бир башка, / Ырамандын Ырчы уулу, / Ажыбай сындуу чечендер, / Түшүмө кирет” – деп айтат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аркасында чачтары, / Аргамжыдай чубалат, / Бол жүргүнүң, болгун, деп / Лойалары кубалап, / Арка-алды көрүнбөйт, / Алай-дүлөй жер чаңдап, / Алакандай аз кыргыз, / Келаткан элди көргөндө, / Көптүгүнө таң калат, / Таанылар элге кезегим, / Келген экен эми, деп, / Кыран Чубак шаңданат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алың келсе байлап ал, / Тоодой болгон Манасын, / Белгилеп болдум бул элдин, / Колунан жумуш келерин, / Айлаңар жетип, ал келсе, / Тез болуп калса силерге, / Чубак, Сыргак дегенин, / Жана Сарала атчан бирөө бар, / Элдин турат четинде, / Байкашымча караанын, / Арзан киши дебеймин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бейжиндеги урушта, / Жоголуп Чубак кеткенде, / Ыйлаган Манас деп угам, / Атасы Чубак арбагы, / Ыраазы болсун биздерден, / Сабыр кыл, Чүрөк, деп турам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →