чоңой
- Көлөмү жагынан чоң боло баштоо, чоң болуп кетүү.
- Өсүү, өсүп чоң болуу.
- өт. Кеңейүү, көбөйүү.
- сүйл. Кызмат даражасы жогорулоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Элге эркек уул керек, / Эркек уул туулганда, / Эл болот ойноп эркелеп, / Эли бакса чоңойтуп, / Бел болсо элге эр делет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кардыгач кызым чоңойуп, / Каралды болуп калды эле, / Өзүмдү тартып калганбы, / Өтө кароо малга эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бул кара жүз шумурай, / Жедигер кыргыз элинен, / Туудуруп баккан атасын, / Тууп чоңойткон апасын, / Тартынбай жеген этинен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Канчоро менен Гүлчоро, / Көтөрүп жүрүп чоңойтуп, / Өзүнө окшош эр кылды!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бирөөгө ачууланганда ышкырып барып, чагып алчу жыландай болуп, акырайган, чоң көзү чанагынан чыгып, эки эсе чоңоюп кетер эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →