чоңдук
- Көлөмүн, чоң экендигин билдирген өлчөм, чоң экендик.
- мат. Өлчөөгө, ченөөгө мүмкүн болгондордун баары.
- өт. сүйл. Кызмат абалы жогору тургандык, өйдөсүнүп, өкүм сүйлөөчүлүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…стойуп, / Жылызды чакыр дегенде, / Бакшынын баары мостойуп: / — Айталбайбыз ага деп, / Жылыз келсе бул жерге, / Тирүү киши калтырбай, / Кырып кетет жана деп, / Чоңдугу Жылыз ал турса, / Келип калса бул жерге, / Кайда батат капыр?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сапты айак уйул тал болсун, / Кымызың мүрөк бал болсун, / Сапты айактын чоңдугу, / Көк казанга тең болсун, / Ичиндеки кымызы, / Аз болсо айдың көл болсун, / Кел чогулуп ичели, / Айкөл шерди биз эстеп, / Ичтеки муңду чечели!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Пилин минип томтойтуп, / Темирден найза кокойтуп, / Көргөндө жүрөк солк этет, / Чоңдугу тоодой зоңкойуп, / Кабаттап калган тартынып, / Соң темирин артынып, / Чарайнасы чатырап, / Чойун чокмор колтуктап, / Пил минип келди бадырек: / — Бириң эмес, баарың кел, / Мен Майтыкмын билгиң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чондугунан чочконун, / Тоо экен — деп, — жазганбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Коржоңдогон чоңдугу, / Жылында барып казактан, / Короосу менен кой алат, / Кол сунганы кур калбайт, / Жүктөөрүнө төө алат, / Жетекке кошуп ат алат, / Аз келгенсип ал иши, / Сулуу …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →