чоң

китептерде 1449 жолу, 10 китепте
  1. Көлөмү жагынан зор, ири, кичиненин карама-каршысы.
  2. Мааниси, күчү, тереңдиги ж.б. жагынан бир кыйла, олуттуу.
  3. Абдан белгилүү, таанымал, башкалардан айырмаланган.
  4. Балалык доордон өтүп калган, эр жеткен, жашап калган.
  5. өт. сүйл. Жогорку бийлик кызматтарында иштеген адам, башкарма.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манастан бери карата, / Мына бу турган буруттун, / Барбаган жери калбады, / Барган жерин соо койбой, / Баатырдын баарын жалмады, / Сегиз миң жыл жашаган, / Жүйрүн өңдүү чоң дөөнүн, / Сууруп тилин жеп алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тоолорго толук кыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Төрдө олтурган төрөлөр, / Төшөгүндө кыш болуп, / Кооп сийген эрди көр, / Койнунан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мени оозуна албайт, деп, / Көөнүнө албас энекем, / Мага берер билгини, / Талашпас менден эжекем, / Атанын жүзүн көрбөдүм, / Чоң энем менен чоң атам, / Бүгүн жүзүн мен көрдүм, / Бала кезден бер жакка, / Абакем Гүлүс көргөнүм, / Биле албайым абамдын, / Кандай кеңеш берерин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ак-Суу — чоң шаар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Андан көрө мына бул өзөнгө барсаң Чоң Боз Бээ баткакка тыгылып жатат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →