чочой

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Тик болуп сороюп, серейип, чокчоюп көрүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…йуп, / Кулагы жок мулуйуп, / Колу жоктор чолойуп, / Ээси коркуп энтеңдеп, / Эми айлам кантер, деп, / Жыгылып-кооп темтеңдеп, / Бели сынган очойуп, / Карачкыдай чочойуп, / Далысынан кан агып, / Кызыл канга кошулуп, / Ак көбүктөп шар агып, / Баш аламан суналып, / Ичегиси чубалып, / Кирпиги араң ирмелип, / Сүйлөй албай тил келип… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Атка токум салдырып, / Оңдоп минип очойуп, / Карачкыдай чочойуп, / Тогуз кабат темир тон, / Кара бойго кийинип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кепти угуп болгондо, / Катындын баары кажылдап, / Жайма сүйлөп ажылдап: / — Өлүгүңдү көрөйүн, / Каракчыдай чочойгон, / Жалпы катын баралы, / Жан-жанына жабылып, / Жара тартып салалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Найзасын күүлөп сайа албай, / Шоорук калды токтолуп, / Токтолгон Шоорук очойуп, / Каракер менен чочойуп, / Кудурап Шоорук сурады: / — Мен көрбөгөн элим жок, / Балта менен Жамгырчы, / Андан жакшы тыңың жок, / Кошой менен беттештим, / Койгулаша кеткенмин, / Жеңише албай экөөбүз, / Ажырашып мен кеттим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Башына түйшүк салмакка, / Карачкыдай чочойгон, / Карааны жок арбакка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →