чочко

китептерде 305 жолу, 9 китепте
  1. Буттары кыска, кемирчек сыяктуу тегерек тумшугу бар ача туяктуу сүт эмүүчү жаныбар.
  2. өт. Тилдөө, жаман көрүү маанисинде айтылуучу сөз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алтымыш батман Ашкатең, / Бул чочконун колунда, / Чойун башы бар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…лдырап баатыр турганда, / Эр Кененим көк жалды, / Сүйрөтүп алып кете албай, / Чөбүрөшүп жатканда, / — Келе бери арканды, / Мен сүйрөтүп кетем, — деп, / Кесилет чочко айтканда, / Үнүн угуп Кененим: / Семетей бабам колдо, — деп, / Абам Гүлүс жолдо, — деп, / Карыйа Бакай кайда, — деп, / Умай энем Каныкей, / Көгүчкөн болуп кубу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Адамзат кылчу өнөрдүн, / Ал чочкодо баары бар! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…/ Күндүн көзүн чаң алды, / Күн көрүнбөй тунарды, / Чаң арыла бергинче, / Чакчайып бетпак турганы, / Чаңдан чыгып Семетей, / Атырылтып удаанды, / Элөөсүз турган чочкону, / Далыдан нары бир сайды, / Үзөңгүдөн бут тайды, / Ээрден көчүк бултайды; / Жыгылбай чочко оңолду, / Кайратына карк толду, / Ошол үчүн бул каапыр, / Кутургур … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Берегинде, керегенин түбүнө жапшырыла, оң ийни пагону отко чагылышып жаркырап, буттарын чачып таштап, көмөрөсүнөн түшүп чочкодой корулдап, уктап жаткан — Бала Курман. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →