чоро
- Баатырга жөлөк, таяныч болгон жакын кызматкери, жоокери.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…гип, / Беттешип чыккан урушта, / Эбегейсиз жумушта, / Басып кирген кыргыздан, / Уламадан угушта, / Алманбет Чубак тең өлүп, / Музбурчак, Көкчө хан өлүп, / Кырк чоросу Манастын, / Ажыбай баштап көп өлүп, / Манас болуп жарадар, / Кыргыз болуп санадар, / Баатыр Сыргак эр өлүп, / Өлүп жатып түгөндү, / Тепсеп кирип өчөшүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жалгыз жүрүп Семетей, / Ээрчиткен эки чоросу, / Он экиде кенедей, / Чынкожо менен Толтойду, / Бучкагына теңебей, / Айчүрөк тартып бир алды, / Андан кала бергенде, / Карылардын айтканы: / Атактуу Коңур алп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Семетей, Гүлүс, зор Бакай, / Сейитекте бирге эле, / Мен Кененим болгону, / Кененим атка конгону, / Жалгыз чором болбоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аккула минип арстаның, / Айбаты журттан ашканың, / Абаң Бакай жол баштап, / Артынан чоро далбактап, / Кошойду тосуп баратса, / Кол кабылды астында, / Сексен алты сан экен, / Серпишер эрлер бар экен, / Ырчы уул менен Боз уулга, / Хан Бакай берип тап…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ «Турбагыла,чоролор, / Ылдамыраак чалыңар!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →