чоркок

китептерде 9 жолу, 4 китепте
  1. Эби жок, ыктуу эмес, иш жасай албаган, олдоксон.
  2. өт. Ыксыз, орунсуз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Ыргып минди Бактыбай, / Тууга ээлик болгун деп, / Алабекке карматты, / Кол башкарып тургун деп, / Малабекке айтканы: / — Койон жүрөк коркоктор, / Корс кыйалдуу чоркоктор, / Башаламан чуу болсо, / Кан чайкалып суу болсо, / Кайра качып жүрбөсүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…келди Сазандын, / Сайдырганга арданып, / Колун сунуп арбайтып, / Далыдан аткый кармады, / Өзү тургай Чакмакташ, / Аты менен биригип, / Уучуна толбой калганы, / Чоркок Сазан маминтип, / Аты менен ээсине, / Жалгыз эмес экени, / Жаза кармап салганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ылуу менин жеримде, / Алтын казан атала, / Ичсе карды тойбогон, / Соргоктору дагы бар, / Түндө эшикке чыкпаган, / Коркоктору дагы бар, / Төөнү жаза муштаган, / Чоркоктору дагы бар; / Мүйүзү менен башында, / Найзадан мурда качырып, / Сайгандары дагы бар, / Тап бергенин куткарбас, / Тайгандары дагы бар, / Тайманбай туруп дөөлөрдү,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кош кыйалдуу чоркогу, / Аттарына мааналап, / Амалын таппай бүжүрөп, / Айласы кетип далайы, / Сийдиги агып чубуруп / Эки баатыр тирешип, / Чабышып жатты күчөшүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Койон жүрөк коркогу, / Кокус манап чоркогу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →