чопо
- Скульптура жана карапа жасоо ишинде, курулушта колдонулуучу, жердин үстүңкү катмарында жаткан, нымдалышкан кезинде жабышкак ылай сыяктанган топурак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Андан алып иштетсек, / Сууга чылап таштасак, / Бет өзгөрүп кирдебейт, / Ийилет, сынбайт морт кетип, / Чапсаң тайбайт таш кесип, / Бетине жукпайт кан калып, / Чопого кырк күн таштасак, / Өңүнөн азбайт дат басып, / Үч түрдүү сырын көрсөтүп – / Отту койду өчүрүп, / Шамал тийсе – болбойт, деп, / Очоктун оозун көмдүрүп, / Кырк …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күчтү чапкан балтадан, / Жерден чопо чачылды, / Көрүнбөй чаңдын ичинде, / Жубатай баатыр жашынды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →