чопкут
- Жоо кийиминин өзүнчө түрү.
- Кебез, жүндөн калың салынган сырт кийим.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көк бөрүнү алган бейм, / Соот, чопкут, көк ала ат, / Алып келдим мен мында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Муруту келет чоң кучак, / Будайык кандын муз бурчак, / Айдар кандын эр Көкчө / Бардашы журттан бөлөкчө, / Көк күбө чопкут тон кийген, / Көк ала сындуу ат минген, / Музбурчак, Көкчө - эки хан, / Казактан экөө келаткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Түшө калып Кененим, / Өлтүрбөй туруп Акымды, / Чечип алды чен тонун, / Сыйрып алды соотун, / Тартып алды олпогун, / Бутундагы чопкутту, / Далысында калканды, / Андан башка калганды, / Чечтирип баарын алганы, / Өңүрүп кайдан жүрөм, деп, / Чойун башты таштады, / Чойун башты имерди, / Дардайып жа…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чоочун бала жаныңда, / Өңү темир, өрттөй көз, / Соот, чопкут, кыйагы, / Боло элек экен баланын, / Жоого тийер убагы, / Кабарчы болуп Таласка, / Барат бекен будагы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →