чоочун

китептерде 13 жолу, 5 китепте
  1. Тааныш эмес, тааныбаган, башка, мурда билбеген, бөтөн.
  2. Көнүмүштөн башкача, бөтөн, жат, өөн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чокмордон чоочун үн чыкты, / Кулак тунган сүр чыкты, / Эпкининен чокмордун, / Кара жерден чаң чыкты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чоочун киши экен, деп, / Эшикти ачып калыптыр, / Асталай басып Алтыке, / Үйгө башын салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баарыдан жашы улуусу, / Чолпон деген сулуусу: / — Падышалык бакчага, / Кайдан келдиң чоочун кыз? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ — Чоочун бала экенсиң, / Жолуң болсун чырагым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Чоочун бала жаныңда, / Өңү темир, өрттөй көз, / Соот, чопкут, кыйагы, / Боло элек экен баланын, / Жоого тийер убагы, / Кабарчы болуп Таласка, / Барат бекен будагы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →